Линктер

Аравандыктар өзбек мектептерде кыргыз тилине басым жасоону өтүндү


Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаттары менен Араван районунун элинин жолугушуу учурунда демилгеленди. Жергиликтүү тургундар өзбек мектептеринде кыргыз тилинде сабак өтүүлөрүн каалаша тургандыгы да айтылды.

Райондун тургуну Мухаммадали Машраходжаев райондо өзбек тилинде окуткан мектептерде сабактар кыргыз тилинде окутулбагандыктан, натыйжада өзбек тилдүү абитуриенттер кыйынчылыктарга дуушар болуп келишерин айтты.

КСДП фракциянын катчылыгы маалымдагандай депутаттык топ көтөрүлгөн маселенин үстүндө иш алып барарын билдиришип, өтүнүчтү колдой турганын кошумчалашты. (SDz)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG