Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Коопсуздук: күч алган шектүү топтор


Казакстанда казак жана кыргыз жарандарынан турган радикал топ колго түшүрүлдү. Бул арада Кыргызстанда дагы эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды.

Коопсуздук боюнча серепчилер бул топтор арасында байланыш болушу
мүмкүндүгүн болжоп жатышат.

Алматы облусунда 18-августта терроризмге шектелип казак жана кыргыз жарандарынан турган радикал топ кармалганын Казакстандын улуттук коопсуздук комитети расмий сайтына 22-августта жарыялады. Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалгандардын жанынан жарылуучу заттарды даярдоочу шаймандар жана радикалдык-экстремисттик материалдар табылган. Бул жарандар коопсуздук кызматына, полиция кызматкерлерине жана аскер бөлүктөрүнө, андан ары эл көп чогулган жерлерге чабуул жасоого камданганы айтылат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин баш катчысы Айымкан Кулукеева Казакстандын атайын кызматтары менен байланышып, радикал топтун арасындагы Кыргызстандын жараны туурасында маалыматты тактаганын билдирди.

- Казак тарап Алматы облусунун Карасай районундагы Иргели айылында жүргүзүлгөн атайын ыкчам иштеринин жыйынтыгында 1976-жылы Өзгөн районунда туулган Кыргызстандын жараны кармалды деген маалыматты тастыктап берди. Кармалган жарандын улуту өзбек экендиги маалымдалды.

Коопсуздук боюнча серепчи Талант Раззаков казак тараптын тергөө аягына чыга электе эле террорчул топтун арасында Кыргызстандын жараны бар экендиги тууралуу маалымат таратуусун шашылыш аракет катары баалады. Ал бул жерде кыргыз паспорту такыр эле башка мамлекеттин жарандарынан колунан табылган учурлар болгонун эстен чыгарбоо керектигин белгиледи.

- Кыргызстандын паспортун алып жүргөн кишилер да көп, сатып алып. Аны эми тактоо керек. Анан тергөө боло электе эле шашып айтып жибергени ар кандай суроолорду жаратып жатат. Кээде ошентип айтып коюп, анан текшере келгенде такыр эле башка мамлекеттен келген адамдар болуп чыгып калууда. Бизде паспорт маселесинде дагы чоң алешемдиктер болуп жатпайбы.

Кыргызстанда кармалган шектүү адамдар

Кечээ түнкү саат он бирлер чамасында болсо Бишкекте укук коргоо органдары атайын операция учурунда тыюу салынган радикалдык уюмдун мүчөсүн кармашкан. УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиришинче, 24-августка караган түнү Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө 1992-жылы туулган Кыргызстандын жараны колго түшүрүлгөн. Анын жанынан тапанча, граната, жардыруучу заттын шнурлары, ок-дарылар, электрондук-жихаттык материалдар жана уюлдук телефондор табылган. Кармалган жаранга карата кылмыш иши козголуп, убактылуу камоочу жайга камалды.

- Террорчулар үчүн жарандык деген түшүнүк онунчу, жыйырманчы планда. Алар эптеп өздөрүнүн максатына жетүү жолун гана ойлонот. Алардын жарандыгынан мурда кыймыл-аракетине көңүл буруш керек.
Марат Иманкулов

Буга чейин 20-августта Ысык-Көлдө чет мамлекеттердин атайын даярдоочу лагерлеринен даярдыктан өтүп келген эл аралык террордук уюмдун эки мүчөсү кармалганы белгилүү болгон. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы кармалган адамдар эл аралык издөдө жүргөн башка мамлекеттин жарандары экенин айтып, алар өз жеринин тийиштүү кызматтарына өткөрүлүп берилгенин билдирди. Бирок алар кайсы мамлекетке берилгени ачык айтылган жок.

Талант Раззаков бир эле учурда эки мамлекетте колго түшүрүлгөн мындай топтордун ортосунда байланыш болушу мүмкүндүгүн четке какпайт. Ал Кыргызстанда жакында Дүйнөлүк көчмөндөр оюну болоорун эске салып, мындай ири иш-чаралар учурунда радикал-террордук топтор активдешип, өз таасирин көрсөтүү үчүн ар кандай чабуулдарды уюштурууга аракеттенерин эскертет.

- Казакстандан дагы, мүмкүн ошол жактан Алматыдан туруп бул жакка келе калабыз деген ой болушу мүмкүн. Эми аны тергөөлөр көрсөтөт. Чоң, дүйнөлүк масштабдагы болуп жаткан чогулуштардын астында, Көчмөндөр оюну сыяктуу иш-чараларда булар сөзсүз түрдө өздөрүн көрсөтүүгө аракет кылышат. Мында атайын кызматтар тыкыр изилдеп, тыкыр иштеши керек да.

Дагы бир көз карандысыз эксперт Марат Иманкулов Ысык-Көлдө кармалгандар Өзбекстандын жарандары деген маалыматты кулагы чалганын айтып, Кыргызстандын атайын кызматтарынын аларды дароо коңшу мамлекетке өткөрүп бергенин сындап чыкты. Анын пикиринде, кармалгандарды дароо өткөрүп берүүдөн мурда алардын ким экенин, кайдан, ким менен байланышы бар экендигин, эмне максатты көздөп бул жерде жүргөнүн такта керек эле дейт.

- Өзүн сыйлаган мамлекетте ошол эле атайын кызматтар, күч түзүмдөрү ошо кармалган адамдар туурасында бардык иликтөө иштерин жүргүзүп туруп өткөрүп бериш керек. Канча жыл издөөдө жүргөн жарандарды эки күндө эле шашылып берип коюш керекпи? Ошол сыяктуу эле Казакстан дагы бизге ошентип бербеши мүмкүн. Алар тактамайын, кимге тиешеси бар, кимден каржыланган, кандай максат кылган, эмне жумуш кылган деген маселелерди аныктамайын бизге өткөрүп бербейт.

Террорчулардын мамлекети болбойт

Чоң, дүйнөлүк масштабдагы болуп жаткан чогулуштардын астында, Көчмөндөр оюну сыяктуу иш-чараларда булар сөзсүз түрдө өздөрүн көрсөтүүгө аракет кылышат. Мында атайын кызматтар тыкыр изилдеп, тыкыр иштеши керек да.
Талант Раззаков

Эксперттер радикал топтордун арасындагы кыргызстандык жарандар тууралуу чыгып жаткан маалыматтарга таң калуунун кереги жоктугун, анткени Сирия азгырыгына кабылып, согуш талаасына бет алгандар акыры барып радикал топтордун катарына кошулуп, алардын идеологиясына сугарылган коркунучтуу куралга айланып жатканын белгилешет.

- Террорчулар үчүн жарандык деген түшүнүк онунчу, жыйырманчы планда. Алар эптеп өздөрүнүн максатына жетүү жолун гана ойлонот. Алардын жарандыгынан мурда кыймыл-аракетине көңүл буруш керек. Эмне алар Өзбекстандын же Тажикстандын жараны болсо, аларды ошол мамлекеттин бийлиги бул жакка жөнөтүп жатыптырбы же биздин жарандарды Казакстанга биздин бийлик, эл жөнөтүп жатыптырбы? Жок, алар башка мыйзам менен жашаган, кылмыштуу мыйзамдар менен, экстремисттердин идеологиясы менен жүргөн адамдар. Алар мамлекет менен эсептешип да койбойт. Алардын максаты ошол сырттагы жетекчилеринин командасын аткаруу. Тапшырманы Түркиядабы, Казакстандабы же Кыргызстанда аткарабы баары бир. Алар жөн эле аткаруучулар, - деп кошумчалайт Марат Иманкулов.

Буга чейин 28-июнда Түркиянын Стамбул аэропортунда болгон терактка тиешеси бар делип кармалгандардын арасында Кыргызстандын жараны бар экендиги тууралуу өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдоган айтып чыккан эле. Бул окуядан кийин кыргыз тарап Түркияга расмий кайрылган. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тактоо-тергөө иштери жүрүп жатат деген себеп менен бүгүнкүгө чейин жооп ала электигин билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG