Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Кыргыз саясаты: биригүү да, ажырашуу да тезби?


Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен тандем түзөт деген сөздөрдү саясий жоромол деп атады.

Бирок президенттик шайлоону утурлай партияларда кызматташуу, ирилешүү болоорун айтты. Бабанов азырынча комментарий бере элек. Буга чейин Бабановдун мурунку премьер-министр Темир Сариев менен биригиши ыктымал деген сөз да чыккан эле. Ушул тушта күздү утурлай саясий күчтөрдүн биригүүсү боюнча сүйлөшүүлөр жандана баштады.

Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов биригет деген сөздөр саясаттагы бүйүр кызыткан маалыматтардан болду. Текебаев өзү “Азаттыкка” муну саясий жоромол деп атады, бирок президенттик шайлоону утурлай саясий күчтөрдүн, саясатчылардын биригүүсү болоорун билдирди:

- Бул жөн эле саясий жоромолдор. Анткени мындан мурдараак эле Бабанов Темир Сариев менен биригет экен, тандем болот экен деген сөздөр чыкпады беле. Эми ар кандай конфигурациялар болушу мүмкүн, бирок буга азырынча эрте деп ойлойм. Теориялык жактан ар кандай биригүүлөр болушу мүмкүн. Бизде азырынча андай ой жок. Бул саясий жоромол.

Ал эми Бабанов менен Текебаев бириге турган болсо, бул кыргыз саясатындагы эң өмүрү кыска биригүү болот. Себеби экөөнүн көз карашы эки башка. Анан калса Текебаев социалист болсо, Бабанов кыпкызылдай эле капиталист.
Нурлан Шакиев

Өмүрбек Бабанов тандем боюнча сөздөргө азырынча үн ката элек. “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев бул тууралуу маалыматы жоктугун айтты. Бирок саясаттагы биригүүнү табигый көрүнүш деп сыпаттады:

- Бабанов менен Текебаев биригип жатат деген сөздөрдү мен дагы маалымат каражаттарынан уктум. Мен биригүү тууралуу сүйлөшүү болгонун билбейм. Болгону Текебаев маалымат жыйынында Бабановдун кантип иштен кеткени тууралуу айрым жагдайларды, өзүнүн салымын ачыкка чыгарып жатып, Бабановдун ишмердиги тууралуу оң пикирин билдирбедиби. Бул экөө биригеби же бирикпейби, билбейм. Бирок саясатчылар арасында сүйлөшүү, кызуу талкуу жүрүп жатканы табигый көрүнүш. Бирок, тилекке каршы бизде саясий маданият жакшы түптөлө элек. Саясатчылар сүйлөшүп, келишип, макулдашкандан кийин тез аранын ичинде эле майда, жеке, тар, чарбага байланышкан кызыкчылыктардан улам эле пикирлери келишпей калып жатат. Жогорку деңгээлдеги саясий маданият түптөлбөй жатат.

Руслан Казакбаев
Руслан Казакбаев

Ал арада “Ата-Журт” партиясы “Республика” менен расмий түрдө кош айтышканы жатканы белгилүү болду. Аталган партия эмки айда курултайга чогулганы жатат. “Республика - Ата-Журт” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев башка саясий күчтөр менен сүйлөшүү жанданганын бышыктады. Анын баамында, Текебаев менен Бабанов бириксе, бул тандем узакка созулбайт:

- “Ата-Журт” партиясы менен “Республика” ​биригип жатканда көп нерселер эске алынбай калыптыр. Ошонун негизинде бул биригүүнүн өмүрү кыска болду. Эми бүгүнкү күндө юридикалык жактан ажырабай турат. Бирок иш жүзүндө ал биригүү жок. Азыр башка саясий күчтөр менен кеңешүүлөр болуп жатат. Соңку эки жумадан бери активдүү жолугушуулар өтүп жатат. Бул жолу биз элге да уят болбой, жок дегенде беш жыл жашай тургандай биригүү кылалы деп жатабыз. Ал эми Бабанов менен Текебаев бириге турган болсо, бул кыргыз саясатындагы эң өмүрү кыска биригүү болот. Себеби экөөнүн көз карашы эки башка. Анан калса Текебаев социалист болсо, Бабанов кыпкызылдай эле капиталист.

Анткен менен талдоочу Бакыт Бакетаев аты аталган таасирлүү эки саясатчы пикир табышып, саясатка чогуу аттана алса, оң жактары көп болот деген пикирде:

- Жалпы, кеңири караганда ал экөөнүн бириккени баарына пайдалуу болмок, зыяны болбойт. Бабанов мобилдүү, динамикалуу саясатчы. Былтыр, мисалы, өзүнө карама-каршы келген Ташиевдин партиясы менен бирикти. Саясатта бир багытты көздөсө болоорун көрсөттү. Буларда биригүү боюнча тажрыйба бар. Ошондуктан максаттары бир жерден чыкса бириге берет.

Бакыт Бакетаев
Бакыт Бакетаев

Кыргыз саясатында ойго келбеген, күтүүсүн биригүүлөр, тандемдер болгон. Бирок бирөө да сакталып, узакка созулбаганы айтылып келет.

XS
SM
MD
LG