Линктер

Беш жаштан жана он алты жашка чейинки балдар милдеттүү түрдө каттоого алынат


Мындай сунушту Билим берүү жана илим министрлиги киргизүүдө. Министрлик бул мектеп курагындагы балдардын окубай калуусунун алдын алат деп бекемдейт. Ага ылайык, мектеп жашындагы балдар тууралуу толук маалымат алуу үчүн мектепке кире элек жана тогузунчу классты аяктай элек балдарды милдеттүү түрдө каттоо жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен чогуу жүргүзүлөт. Билим берүү жана илим министрлиги балдардын мектепти таштап салуусунун себептери бир нече жылдан бери өзгөрүүсүз келе жатканын маалымдоодо. Алардын башында балдардын оорусу, майыптык, ата-энесине көмөктөшүү, мектептин алыс болушу, ата-энелеринин ажырашып кетүүсү же миграцияда болуусу сыяктуу себептер бар.

Бүгүнкү күнү социалдык жактан камсыздалбаган үй-бүлөлөрдүн балдары жалпы мектеп окуучуларынын 17,2% түзөт. Жетим балдар 2,2%, жарым-жартылай жетимдер 3,5%, майып балдар 0,7%, толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдары 4,6% түзөт. Мындан тышкары мечиттерде жана чиркөөлөрдө окуп жаткан балдар 2,7%, хижаб кийген кыздар 0,2%.

Мурдараак балдар төрөлгөндөн тартып эле идентификациялык номер алып, каттоого алынарын Мамлекеттик каттоо кызматы да маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG