Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Ысык-Көл району менен Түп районуна жаңы акимдер шайланды


Ысык-Көлдөгү карагат майрамы.
Ысык-Көлдөгү карагат майрамы.

8-августта Түп районунда жергиликтүү кеңештин депутаттары жаңы район башчысын шайлашты. Акимдик орунга 3 талапкер чыккан. Анда 125 депутаттын 86 добушу менен Түп айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Советбек Исмаилов Түп райондук администрациясынын башчысы — аким болуп калды.

Эртеси 19-августта Ысык-Көл районунун акими да шайланды. Анда акимдик орунга 3 талапкер ат салышып,177 депутаттын 112 добушун алган мурдагы акимдин биринчи орун басары Данир Иманалиев аким болуп шайланды.

Бул эки райондун мурдагы жетекчилери өз аймагындагы коомдук тартипти колго ала албагандыгы үчүн сынга алынып, өткөн айда бошотулган болчу.(AsM)

XS
SM
MD
LG