Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Эл аралык көчмөндөр оюнуна катышуучулар келе баштады


Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. 11-сентябрь, 2014-жыл.
Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. 11-сентябрь, 2014-жыл.

Эң биринчилерден болуп 24-августта Түркмөнстандан “Галканыш” деп аталган делегация келет. Алар Көчмөндөр оюнунда ат үстүндө оюн көрсөтүшөрү айтылууда. Түркмөнстандык делегация менен журналисттердин жолугушуусу бүгүн “Манас” аэропортунда болот.

Эл аралык 2-Көчмөндөр оюну 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда өтөт. Ага отуздан ашуун өлкөдөн оюнчулар катышары күтүлүүдө. Оюндун эң сыйлуу коноктору болуп Түркмөнстандын президенти, Татарстандын, Башкыртстандын жетекчилери келери айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG