Линктер

ИМ тобу менен байланыштуу деп шектелген тажик жараны Украинада кармалды


"Ислам мамлекети" террорчул топтун лашкерлери.

"Ислам мамлекети" террорчул топтун лашкерлери.

Украина “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна тиешеси бар деген шек менен эл аралык издөөгө алынган Тажикстан жараны кармалганын жарыялады.

Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн 39 жаштагы тажик жаранын Киев райондук соту 40 суткага камакка алды. Бул убакыт аралыгында Тажикстандын тиешелүү органдары аны мамлекетке кайтаруу боюнча кайрылуу жөнөтүшү керек.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2013-жылдын ноябрында тажик атуулу Орусияга иштөө үчүн кеткен. Быйыл январда аталган өлкөдөн Түркияга барып, андан ары Сирияга чыгып кеткен. Ал жактан ИМ тобуна кошулган. Шектүү жаран Украинада кармалды.

Маалымдалгандай, Тажикстанда ага карата “Жалданмачылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG