Линктер

УКМК Бишкекте кармалган жаран жашыруун террорчул топтун лидери экенин билдирди


Иллюстративдик сүрөт.

Иллюстративдик сүрөт.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун “”Азаттыкка” билдиришинче, 24-августка караган түнү Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө 1992-жылы туулган Кыргызстандын жараны колго түшүрүлгөн. Анын жанынан тапанча, граната, жардыруучу заттын зымдары, ок-дарылар, электрондук-жихаттык материалдар жана уюлдук телефондор табылган. Кармалган жаранга карата кылмыш иши козголуп, убактылуу камоочу жайга камалды. Тергөө иштери улантууда.

Буга чейин шаардагы Биринчи Май райондук сотунун жанындагы кармоо операциясы учурунда ок атылганын күбөлөр маалымдашкан. УКМК ок атуу болгонун ырастаган жок. (AzK)

XS
SM
MD
LG