Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Жакупова: 87 депутаттын "колун бурап" Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн кол койдурушкан


Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупованын билдиришинче, эл өкүлдөрү документти окубай туруп эле кол коюп беришкен, анткени президенттик аппараттан "көрсөтмө" түшкөн.

“Алдай бергенге болбойт. Келгиле депутаттардын колун бурап туруп эле кол койдурулганын ачык эле айталы. Мен бул "шедеврдин" авторун бекер сураганым жок” - деди ал.

Бүгүн Бишкекте Конституцияны өзгөртүү маселелери боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коом өкүлдөрү жана оппозициялык маанайдагы саясатчылар катышкан талкуу өтүп жатат.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өз ара макулдашып, ал коомдук талкууга коюлган. Оппозиция жана жарандык активисттер бул демилге бийликти узурпациялоого алып келет деп кооптонушууда.(AzK)

XS
SM
MD
LG