Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Пакистанда партия лидери чыккынчы деп айыпталды


Алтаф Хуссей
Алтаф Хуссей

Карачидеги буркан-шаркан түшкөн нааразылык акцияларынан кийин Муттахида Кауми кыймылынын лидери Алтаф Хуссейинди Пакистан бийлиги мамлекеттик чыккынчы жана терроризмди тутантуучу катары айыптады. Бул партиянын тарапкерлери 22-августта ARY телеканалынын кеңсесине кол салышкан. Кол салууга чейин митингчилерге Алтаф Хуссейин Лондондон телефон аркылуу маалымат каражатынын дарегин айткан. Телеканалдын алдындагы полиция менен кагылышууда бир адам өлүп, бир нечеси жарадар болгон. Пакистандын тартип коргоо органдары кыймылды рэкетчилик, барымтага алуу жана киши өлтүрүү боюнча айыптап жатат. Партия аны четке кагууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG