Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:41

Эрдоган Ирактагы күрттөрдүн лидери менен Гүленге байланышкан мектептерди жабууну сүйлөштү


Режеп Тайип Эрдоган менен Масуд Барзани

Режеп Тайип Эрдоган менен Масуд Барзани

Президент Режеп Тайип Эрдоган Ирак күрттөрүнүн лидери Масуд Барзани менен 23-августnа Анкарада жолугушту. Анда тараптар “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмга жана Күрт жумушчу партиясынын жоочуларына каршы күрөштү да талкуулашты. Түркия террордук деп тааныган партиянын жоочулары Ирактын түндүгүндөгү Кандил тоолорунда жайгашканы айтылат. Масуд Барзани Түркиядагы 15-июлдагы төңкөрүш аракетин айыптап, президент Эрдоганга колдоо көрсөткөн.

Түрк маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Барзани ал көзөмөлдөгөн аймактардагы Гүленге байланышкан мектеп жана башка мекемелерди жабууга макулдугун берди. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG