Линктер

Урустемов: Үңкүр-Тоодогу телемунара токтоп калуу коркунучунда турат


Аксынын Үңкүр-Тоосунда жайгашкан телестанция автоматтык түрдө иштеп жаткандыктан өз ишин токтотуусу мүмкүн. Бул тууралуу Кербен-24 радиорелейлик станциясынын кампа башчысы Ажибай Урустемов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 22-августта ал жерде иштеген үч кызматкерди жана тетиктерди жеткирген бир жумушчуну Өзбекстандын милициясы кармап кеткенден бери станция автоматтык түрдө иштеп жатат:

- Азыркы учурда НТС телеканалынын жана “Миң-Кыял” радиосунун эфирдик толкундары токтоп калды. Ал жакка эч ким бара албай жатат. Эгерде жагдай бул калыпта уланса, анын өз алдынча көпкө иштөөсүнө кепилдик жок. Ал жердеги баалуу техникалар куйүп, станция өз ишин токтотуусу мүмкүн.

“Кербен -24” радиорелейлик станциясында санариптик 11, аналогдук алты телеканалдын жана үч уюлдук байланыш операторлорунун эфир таратуучу мунаралары жайгашкан.

22-августта Өзбекстан аталган телемунара жайгашкан тоого тик учак менен милиция кызматкерлерин түшүрүп, ал жерде иштеп жаткан төрт кишини алып кеткен. Көп өтпөй болгон сүйлөшүүдө алар 13-августта чек араны мыйзамсыз, куралчан басып өткөнү үчүн Кыргызстандын күч кызматтары тарабынан кармалган өзбек милиционерин бошотууну жана Орто-Токой суу сактагычын кайтарган кыргызстандык милициянын постун жоготууну талап кылышкан. Ошол эле күнү кечинде камактагы өзбек милиционери бошотулуп, кесиптештеринин колуна берилген. Ал эми сүйлөшүүлөрдө Өзбекстан алып кеткен кыргызстандык жумушчулар тууралуу сөз болгон эмес.(RsK;ZKo)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG