Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Жо Байден түрк демократиясын колдоого убада берди


АКШнын вице-президенти Жо Байден Вашингтон Түркия менен байланышка “эң биринчи артыкчылык берерин” жана төңкөрүш ишке ашпай калган өлкөдөгү демократияга “майтарылгыс колдоо” сунуштаганын билдирди.

Бул тууралуу Жо Байден 24-августа Анкарада түрк өкмөт башчысы Бинали Йылдырым менен сүйлөшүүдөн кийин журналисттерге билдирди. Анын ошондой эле түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу белгиленген. Түрк президенти АКШ алдына Фетхуллах Гүленди кайтаруу талабын коерун билдирген. Жо Байден Гүленди кайтаруу боюнча талап келгенин, талапты кароодо жана чечим кабыл алууда укуктук нормалар сакталыш керектигин белгиледи. Жо Байден Түркияга келген күнү Анкара түндүк Сирияда аскерий операция баштады. Түрк танктары коштогон аскерлер алдына Сириянын Жеблус шаарын ИМ тобу жана күрт жумушчу партиясы аталган террордук уюмдардан тазалоо милдети коюлганын түрк бийлиги кабарлады. (AiT)

XS
SM
MD
LG