Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

Кабулдагы Америка университетине кол салуу болду


Ооган коопсуздук кызматкери.

Ооган коопсуздук кызматкери.

Айрым маалыматтар боюнча, шаардын окуу жай жайгашкан батыш тарабында атышуулар жана жардыруулардын үнү угулган. Окутуучулар менен студенттер окуу жайдын ичинде камалып калышты. Ооган ички иштер министрлигинин өкүлү учурда атайын кызматтар “террорчуларды табууга аракет кылып жатышканын” маалымдады. Ооруканалардан алынган маалыматка караганда, кагылыштан кеминде 14 киши жабыркаган. Ошондой эле бир студент курман болгону айтылууда.

Окуу жайдан качып чыккан студенттердин бири имараттын ичинде кеминде 300 киши бар экенин “Азаттыкка” билдирди. Азырынча экстремисттик топтор кол салуу боюнча маалымат берише элек.

Эки апта мурун Кабулдагы Америка университетинен уурдалган эки окутуучу - америкалык жана австралиялык жарандар дайынсыз бойдон калууда.

Ооганстандагы Америка университети 2006-жылы ачылган. Учурда окуу жайда миңден ашуун студент окуйт. Университетке катар эле өлкөнүн Баш прокуратурасы жана парламент жайгашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG