Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Италиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 159 кишиге жетти


Жер титирөөдөн кийинки куткаруу иштери.
Жер титирөөдөн кийинки куткаруу иштери.

Дагы 368 адам жаракат алышты. Италиянын премьер-министри Маттео Ренци бул маалыматтар соңкусу эместигин билдирди. Анын айтуусунда, урандылардын алдында дагы кишилер болуусу мүмкүн. Премьер бир да шаар, бир да айыл, бир да үй-бүлө жардамсыз калбайт деп убада кылды.

24-август күнү таңга жуук Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болуп, Аккумоли, Аматриче, Поста жана Аркуата-дель-Тронто шаарлары кыйроого учураган. Аматриче шаар мэринин сөзү боюнча, калаанын жарымы кыйрады жана шаарга алып барган жолдордун баары бузулган. Аматричеде жер көчүп, көпүрө кулап калуу коркунучунда турат.

XS
SM
MD
LG