Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Орусиянын “кара тизмесинде” 119 миң кыргызстандык кала берүүдө


Мигранттар орус тилинен сынактан өтүүдө.
Мигранттар орус тилинен сынактан өтүүдө.

Бул тууралуу мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Бакыт Адылов өкмөттүк жыйында маалымдады. Анын айтуусунда, өткөн жылы 76 миң кыргызстандык жаран "кара тизмеден" чыгарылган, быйыл жыл башынан бери тизмеден чыгарылгандардын саны 6 миң 700 кишиге көбөйдү.

- Бирок кайра эле быйыл Орусия мыйзамдарын бузганы үчүн 6,5 миң мекендешибиз “кара тизмеге” кирип калды, - деп билдирди Адылов.

Өкмөт башчы миграция кызматынын жетекчисинен Орусияга кирүүгө тыюу салынган чет элдиктердин катарынан кыргызстандыктарды чыгаруу иштерин улантууну талап кылды.

Кыргызстан менен Орусия ЕАЭБде союздаш болгондон бери кыргызстандык мигранттарга шарттар жеңилдей баштаганы айтылып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG