Линктер

Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата саякатчы Союзбек Салиев менен литвалык Йонас Жукнус бүгүн Mooney Ovation 2 бир моторлуу учак менен таңы саат жетиде саякатка чыкты. Учак Ашхабадга бет алып, андан ары Сауд Аравиясына жөнөйт. Алар 26 мамлекеттин үстүнөн учуп, 47,6 миң километр аралыкты багынтканы жатышат. Учкучтар Тынч океанды, Атлантика океанын, Араб чөлдөрүн, Африка саванналарын, Бразилия жунглилерин, Амазонка дарыясын, жалпы жер шарын 50 күндө айланып келгени жатат. Долбоор “Көчмөн кыргыз” деп аталат.

Саякатка чыгуу 10-июлга мерчемделгени менен, учактын техникалык себептерине байланыштуу артка жылдырылган эле.

Союзбек Салиевди 21-июлда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, өкмөт колдоо көрсөтөрүн билдирип, саякатчыга Кыргызстандын желегин тапшырган. (AzK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG