Линктер

Улуттук университеттин эмгек жамаатынын чырын жөнгө салуу жолу изделүүдө


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.

Бул туурасында “Азаттыкка” Билим берүү министри Элвира Сариева билдирди. Анын айтуусунда, июнь айында өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы окуу жайдын жамаатынын эки жаатка бөлүнүп, чырдашуусуна алып келген. Сариева сынактын өткөрүлүшү боюнча министрлик жана депутаттык комиссия бир топ мыйзам бузууларды аныктаганын айтып, абалдан чыгуунун жолун табуу үчүн каршылашкан эки тараптын пикирлерин угуп жатканын билдирди.

Университеттин жетекчилиги аттестациядан жыдып калган окутуучулар үчүн кайра сынак уюштуруу буйругун чыгарган. Министр бул сынактын шарттарында маселе бар экендигин белгилеп, аны кайра иштеп чыгууну тапшырганын билдирди.

Сынактан өтпөй калгандар июнь айында болгон сынакты толугу менен жокко чыгарып, аны уюштурган окумуштуулар кеңешинин кайра түзүлүшүн талап кылууда.

Сынактан өткөн окутуучулар 24-августта министрликтин алдына ректорду колдоп чыгышып, сынак мыйзамдуу өткөнүн, жаңы окуу жылын тынч баштоо талабы менен чыгышкан. (AzK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG