Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:56

Иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков сентябрь айында өтүүчү Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү менен таанышат. Ошондой эле Тамчы айылындагы Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жол тилкесинин курулушунун жүрүшүнө байкоо салмакчы.

Өкмөттүн маалымат бөлүмү кабаралагандай, премьер Кырчын жайлоосуна барып, Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромго жана дене-тарбия саламаттыкты чыңдоо комплексинин курулушун көрөт.

Чолпон-Ата шаарында экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 3-8 сентябрь күндөрү өтөт. Иш-чарага карата ипподромдун жалпы курулуш иштери жыйынтыкталган. Учурда анын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG