Линктер

Олимп оюндарынын жыйынтыгына байланыштуу айрым машыктыруучулар алмаштырылат


Эркин күрөш балбаны Магомет Мусаев (кызыл майке).

Эркин күрөш балбаны Магомет Мусаев (кызыл майке).

Бул тууралуу Олимп оюндарынын жыйынтыктаган маалымат жыйында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди. Ал айрыча балбандардан мамлекет медалдарды алып келишине үмүт артканын билдирип, бирок жыйынтыктар эл күткөндөй болбой калганын кошумчалады. Мындан улам Көчмөндөр оюндарынан соң айрым машыктыруучуларды алмаштыруу маселеси көтөрүлөрүн билдирди.

- Биз Айсулуу Тыныбекова, Арсен Эралиев, Магомед Мусаев жана Отар Бестаевден медалдарды үмүт кылганбыз. Тилекке каршы, бардыгы тең жеңилишти. Эми айрым спорттун түрлөрү боюнча башкы машыктыруучуларды алмаштырып, кийинки олимпиадага кызуу даярданышыбыз керек.

Рио-де-Жанейродо өткөн жайкы ХХХI Олимп оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу барып, бир дагы спортчу медаль алган жок. Кыргыз балбандары Арсен Эралиев жана Айсулуу Тыныбекова алдыңкы 5-орунду ээлешкен. (SDz)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG