Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Майрам күндөрү дарыгерлер күчөтүлгөн тартипте иштейт


Майрам шаңы.
Майрам шаңы.

Саламаттык сактоо министри майрам күндөрү жарандарды медициналык-санитардык жактан камсыздоо максатында атайын буйрук чыгарды. Ага ылайык Эгемендүүлүк майрамында эл жыш жайгашкан жерлерде дарыгерлердин бригадалары медициналык унаалар менен күзөттө болушат.

Атайын дарыгерлер “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде да турушмакчы. Мындан башка зарыл түрдө ооруканага кайрылгандарга "Тез жардам" көрсөтүү үчүн оорукана башчыларына бош орундарды алдын-ала даярдоо тууралуу тапшырмалар берилди. Министрдин буйругуна ылайык ооруканалар алдын-ала мамлекет тарабынан берилген дары-дармектерди даярдап туруусу абзел.

Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, санитардык-эпидемиологиялык кызматтары эл көп чогулган жерлердеги коомдук тамактануучу жайларды тыкыр көзөмөлгө алмакчы. (SDz)

XS
SM
MD
LG