Линктер

Түркиянын түштүгүндөгү жардыруудан сегиз киши набыт болду


Түркиянын Жизре шаарындагы аскерлер.

Түркиянын Жизре шаарындагы аскерлер.

Түркиянын түштүгүндө полиция имаратынын жанындагы жардыруу кеминде сегиз кишинин өмүрүн алып, он чактысын жарадар кылды.

Жардыруу калкынын көбүн күрттөр түзгөн Сирия менен Иракка чектеш жайгашкан Жизре шаарында 25-августта болду. Мамлекеттик Анадолу маалымат агенттиги жардырууга Күрт жумушчу партиясын күнөөлөдү. Аталган уюм Түркия, Евробиримдик жана АКШ тарабынан терорчул деп таанылган.

Жардыруу Түркия Сирияга өзүн "Ислам мамлекети" атаган терорчул топко жана сириялык күрт аскерлерине каршы жүргүзүлгөн операциясы башталгандан эки күндөн кийин болуп олтурат.

XS
SM
MD
LG