Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Трамп менен Клинтон кайым айтышы уланууда


Дональд Трамп менен Хиллари Клинтондун фото коллажы.
Дональд Трамп менен Хиллари Клинтондун фото коллажы.

АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтон 25-августта Невада штатында сөз сүйлөп жатып, атаандашы Дональд Трампты ал "Американы кайра дүйнө жүзүнө жек көрдүрөт" деп айыптады. Трамп өз кезегинде Клинтонду расист деп айыптап, анын үй-бүлөсү криминалдык уюм экенин айтып чыкты.

- Трамп Америка коомундагы бири-бирин жек көргөн топтор менен ойноп, Американын эң чоң партияларынын бирин радикалдуу ойлорго сугарып жатат, - деди Хиллари Клинтон.

Трамп Клинтон анын сөздөрүн бурмалап жатканын билдирди.

- Ал жалган айтып, Американын жөнөкөй жарандарын расист кылып атат, - деди Трамп.

XS
SM
MD
LG