Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Орусия Кыргызстандан барган 20 миң тонна мөмө-жемишти өткөрбөй койду


Орусия Кыргызстандан барган мөмө-жемиштерди өткөрбөй жатат.
Орусия Кыргызстандан барган мөмө-жемиштерди өткөрбөй жатат.

Кыргызстандан Орусияга экспорттолгон мөмө-жемиш үчүнчү жолу артка кайтарылып жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди. Алгач Орусия коонду өткөрбөй койсо, кийин кургак мөмө-жемиштерди аймагына киргизүүдөн баш тарткан, андан соң бул жактан барган күрүч артка кайтарылган.

- Бул маселелердин бардыгы биздин ишкерлер сертификат албастан Орусияга экспорттоп жаткандан болуп жатат. Сертификаты бар айдоочуларда эч кандай маселе жок эле кирип жатат.

Кыргызстан ЕАЭБге киргени менен, ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын жоктугунан азык-түлүктү экспорттоодо көйгөйгө туш болууда.

Казакстан өткөн бир ай аралыгында 473 тонна жашылча-жемишти Кыргызстанга кайтарып, анын ичинен 330 тоннасы керектөөчүлөрдүн саламаттыгы үчүн коркунучтуу өсүмдүк илдети менен жабыркаган деп көрсөтүлгөн. Калган 142 тонна айыл чарба продукциясы жасалма сертификат менен чек арадан алып өтүүдө деп артка кайтарылган.

XS
SM
MD
LG