Линктер

Венгрия чек арасында экинчи тосмону тургузат


Венгер-серб чек арасындагы тосмо

Венгер-серб чек арасындагы тосмо

Венгрия Сербия менен чектеш чек арасына мигранттардан коргонуу максатында экинчи тосмону орноторун жарыялады. Премьер-министр Виктор Орбан "эгер Түркия миграция саясатын өзгөртсө, анда экинчи тосмо өлкөнү мигранттардын агымынан коргоп калат" деп билдирүү жасады. Ал ошондой эле жаңы тосмо эски тосмонун катарына куруларын кошумчалады.

Венгрия биринчи тосмосун 2015-жылы курган соң "Балкан маршруту" менен Евробиримдикке агылган мигранттардын саны кескин азайган. Учурда венгер-серб чек арасында Жакынкы Чыгыштан келип, Евробиримдикке кирүүнү көздөгөн жүздөгөн мигранттар күн кечирүүдө. Ушул жылдын июль айында алардын айрымдары ачкачылык жарыялашканы да кабарланган.

XS
SM
MD
LG