Линктер

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин 75 жылдык мааракесине арналган салтанат 29-августта Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрында өтөт. Аталган кинотеатрдан билдиришкендей, иш-чарага катышууну каалагандардын баарына эшик ачык.

“Караш-Караш”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар”, "Снайперлер" өңдүү тасмаларды тарткан Болот Шамшиев ССРдин Эл артисти наамынын ээси. Анын 75 жашка чыккандыгынын урматына өлкө аймагында 22-августтан тарта киножумалыгы да өтүүдө.

Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да белгилүү. Ал 1985 - 1995-жылдары Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, 1998-жылы Туризм жана спорт министри, кийин элчилик кызматты аркалаган.

Атактуу режиссер 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында акын жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Бүткүл союздук кинематография институтуна окууга өтүп, 1964-жылы ал окуу жайды аяктап кинорежиссер кесибине ээ болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG