Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Кербенде Үңкүр-Тоого байланышкан митинг өтүүдө


Митингдин катышуучулары
Митингдин катышуучулары

Кербен шаарында Аксы райондук акимчилигинин алдындагы митингге 100дөн ашык адам катышууда. "Азаттык" радиосунун кабарчысы жеринен билдиргендей, чогулгандарга аким Медет Айдаралиев чыгып, кыргыз-өзбек чек арасына байланышкан талаш-тартышты чечүү аракеттери тууралуу маалымат берип жатат.

Нааразылык акциянын катышуучулары Үңкүр-Тоо маселесин тез арада мамлекеттин пайдасына чечүүнү жана станцияда иштеген кызматкерлерди бошотууну талап кылышууда.

Өзбекстан 22-августта Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станцияда иштеп жаткан төрт кыргыз жаранын кармап кеткен. Кийинчерээк расмий Ташкен Үңкүр-Тоодогу талаштуу аймак Өзбекстанга таандык деп жарыялаган. Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда. Аксылыктар Үңкүр-Тоо Кыргызстандын жери экенин белгилешип, өзбек тарап менен аны чече албай жатат деп бийликти сынга алып келишет.(NT)

XS
SM
MD
LG