Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Айдаралиев: Үңкүр-Тоону өкмөттөр аралык комиссия чечет


Үңкүр-Тоонун Кербен шаарынан көрүнүшү
Үңкүр-Тоонун Кербен шаарынан көрүнүшү

Бул тууралуу Аксы районунун акими Медет Айдаралиев бүгүн Кербенде өткөн митинг учурунда билдирди. Анын айтымында, 1955-жылдагы карта боюнча Аксыдагы Өзбекстан менен талашка түшкөн Үңкүр-Тоо аймагы Кыргызстанга тиешелүү болгон. Бирок 2006-жылы президент Бакиевдин тушунда айрым бир документтерге кол коюлуп калган. Айдаралиевдин айтымында, бул маселени өкмөттөр аралык комиссия чечет.

Айдаралиев 26-августта Өзбекстандын Наманган шаарында чек ара маселеси боюнча кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү өткөнүн, тараптардын жолугушуулары уланып жатканын кошумчалады.

26-августта Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Үңкүр-Тоону өздөрүнүкү деп эсептей турганын жарыялаган. Ал эми аймактагы телерадио сигналдарын таратуучу станцияда иштеген төрт кыргыз жаранын мыйзамсыз жүргөн деп айыптап, жоопко тартыларын билдирген. Бүгүн Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов төрт жарандын кармалышы мыйзамсыз экенин жана бул багытта "Адам уурдоо" беренесине ылайык кылмыш иши козголгонун кабарлады. (NT/RsK)

XS
SM
MD
LG