Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:54

Куралдуу күчтөрдүн аскерлери батирлүү болушту


Бишкекте Куралдуу күчтөрдүн аскерлери үчүн курулган көп кабаттуу турак жай пайдаланууга берилди. 26-августта президент Алмазбек Атамбаев анын ачкычтарын ээлерине тапшырды.

Анын айтымында, соңку эки жылда миңден ашуун аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрүнө батирлер берилген. Президент бул иш мындан ары да уланарын, аскерлерге, күч структураларына камкордук көрүү зарылдыгын кошумчалады.

Ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөмбиевге үйдүн алдында балдар ойноочу аянт куруу үчүн 300 000 сомдук сертификат тапшырды. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG