Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

ТИМ: Москвада өрттөн каза тапкандар арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталууда


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы басмакананын кампасынан чыккан өрттө каза тапкандар арасында кыргызстандыктардын бар-жоктугун тактап жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынынын өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттык" радиосуна билдирди.

Орусиянын мамлекеттик "Вести" телеберүүсү каза тапкан он жети адамдын баары кыргызстандык экенин кабарлады.

Ал эми жергиликтүү дагы башка булактар болжол менен он алты адам өрттүн курмандыгы болгонун, төртөө оор абалда ооруканага жеткирилгенин жазышууда.

Бүгүн эртең менен Москванын Алтуфьев шоссесинде жайгашкан 5-үйдө, типографиянын кампасында өрт чыгып, төрт кабаттуу турак жайга тараган. Куткаруучулар ондон ашык адамды чыгарып калууга жетишкен. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза тапкандардын баары камалып калганын, куткаруучулар дубалды бузуп киргенин маалымдады. РИА-Новости агенттиги маркумдар уктаган бойдон түтүнгө ууланып калганын жазып чыкты.

Өрт чыккан кампа "Печатный экспресс" типографиясына таандык. Азыр окуя боюнча кылмыш иши козголуп, өрттүн себептери аныкталууда. (NT)

XS
SM
MD
LG