Линктер

Москва: кыргызстандыктар куткаруучуларга нааразы


Бүгүн Москвадагы он беш кыргызстандык жарандын өмүрүн алган өрт кырсыгында аман калгандар Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине нааразы болушууда. Бул тууралуу алар журналисттерге маалымдашты. Күбөлөрдүн айтымында, өрт чалган имараттын ичинде калгандарды куткарууга өрт өчүрүүчүлөр дароо киришкен эмес. Бир нече адамды ошол жерде иштеген мигрант балдар имараттан чыгарып кетүүгө жетишкен. Бирок, жалын өтө тездик менен тарагандыктан жумушка келип, төртүнчү кабатта кийим алмаштырып жаткан кыз-келиндерди куткаруу мүмкүн болбогонун айтышты. Кырсык болор алдында жумушуна кечигип, сыртта өрткө күбө болгон кыргызстандык айым ӨКМ убагында чара көрүп, тилсиз жоону өчүрүүгө киришсе кырсыктын курмандыктары аз болмок деген ою менен бөлүштү:

- Тээтиги үч терезенин бирөөнө гана барышты. Бул жактагыларга кислород жетпейт деп коюшуптур. Өрт өчүрүүчүлөр он беш мүнөттө келишти. Алар ойлонуп тургуча, кыргыз балдар үстүнө чыгып, эркектердин кийим алмаштыруучу бөлмөсүнөн бир кыз менен он чакты адамды чыгарышты. Анын бир орус аял келип, видеого тартып интернетке чыгаргыла, ӨКМнын кандай иштегенин көрүшсүн деди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана ИИМдин Москвадагы өкүлү азыр окуя болгон жерде орус укук коргоо органдары менен биргеликте иштеп жатышат. Каза тапкандардын аты-жөнү такталууда.

Москвадагы өрт бүгүн эртең менен "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампада чыгып, биринчи кабаттан лифттин шахтасы аркылуу төртүнчү кабатка чейин тарап, ал жакта жумушка келип кезек алмашып жаткандар калып калган. Өрттү өчүрүүгө төрт сааттан ашык убакыт кеткен. ТИМдин маалыматы боюнча, тилсиз жоодон он жети адам каза тапты, анын он беши кыргызстандыктар. Ал эми орусиялык телеканалдар кырсыктын курмандыктарынын саны он жети экенин жазышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG