Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Президент Атамбаев Москвадагы өрттөн каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты


Президент Алмазбек Атамбаев Москвадагы өрттөн каза тапкан кыргызстандыктардын жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам бөлүүнү жана өкмөт менен тиешелүү органдарга бардык керектүү иш-чараларды уюштурууну тапшырды.

17 адамдын өмүрүн алган өрт 27-август эртең менен Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампада чыккан. Андан он төрт кыргызстандык каза тапканы аныкталды. Алардын көпчүлүгү 25 жашка чейинки кыз-келиндер.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги Москванын ооруканаларына өрттөн жабыркаган төрт кыргызстандык жеткирилгенин, алардын абалы оор экенин билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG