Линктер

ТИМ: Москвада өрттөн жараат алгандардын абалы оор


Орусиянын Москва шаарында өрттөн жараат алган үч кыргызстандыктын абалы оор. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жараат алган Көлбай кызы Кызбурак, Исраил уулу Уларбек, Кадыржанов Нурмухамед Москвадагы ооруканаларда дарыланууда. Ал эми 26 жаштагы Айчүрөк Абдимаматова аттуу жаран ооруканага жетпей каза болгон.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери жараат алгандардын абалы менен таанышып, керектүү жардамды көрсөтүп жатканын кабарлады.

Москвадагы өрттө он жети адам каза тапты, анын он төртү кыргызстандык. (BkA)

XS
SM
MD
LG