Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Түрк аскер күчтөрү Сириянын түндүгүндөгү күрт козголоңчуларына сокку урду


Түркиянын соккулары
Түркиянын соккулары

Түркиянын аскер-аба күчтөрү Сириянын түндүгүндөгү күрт козголоңчул күчтөрүнө сокку урду. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы кабарлагандай, абадан урулган соккулар Аль-Амарна айылына багытталды. Бул айылды бир нече күн мурун Сирия демократиялык күчтөрү деп аталган, негизин күрт козголоңчулары түзгөн топ ээлеген эле. Аталган топ түрк учактарынын чабуулунан мерт кеткендердин арасында жөн-жай адамдар бар экенин кабарлап, “аймактагы абалга коркунучу жаратчу операция” катары сыпаттады.

Аль-Амарна айылы Жераблус айылынан сегиз чакырым алыста жайгашкан.

Ал эми шаршембиде Түркия өз чек арасына жакын жайгашкан Сириянын Жераблус шаарында аскердик операциясын баштаган. Кийинчерээк түрк аскер күчтөрүнүн колдоосу менен Сириядагы оппозициячыл топтор Жераблус шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлеринен тазалап, аймакты өз карамагына алганы кабарланган.

Сириянын Тышкы иштер министрлиги Анкаранын бул кадамын кескин айыптап, операция Дамасктын уруксатысыз өткөрүлүп жатканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG