Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:39

Колумбияда ок атууну токтотуу режими күчүнө кирди


Колумбияда бүгүн өкмөттүк күчтөр менен солчул козголоңчу ФАРК тобунун ортосундагы ок атууну токтотуу режими күчүнө кирди. Эки тарап шаршембиде 50 жылдан бери уланып келген ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкен.

Сентябрда ФАРК тобунун мүчөлөрү конференция өткөрүп, тынчтык келишимин ратификациялаары күтүлүүдө. Келишимге ылайык, аталган топтун мүчөлөрүнө конгресстен орун берилет. Колумбиянын президенти Хуан Мэнуэль Сантос документке кол коюлушун “кайгы, согуш трагедиясынын аякталышы” деп атады. Ал эми келишим боюнча референдум Колумбияда 2-октябрда өтөрү күтүлүүдө.

ФАРК тобу 1964-жылы коммунисттик активисттер тарабынан “жаңы Колумбияны курабыз” деген максатта түзүлгөн. Бирок кийинки жылдары өлкөнүн бир катар аймактарында маңзат соодасын көзөмөлдөөгө жетишкен. Буга байланыштуу АКШ бул топ менен күрөшүүгө Колумбия армиясына колдоо көрсөтүп келген.

Өкмөт менен ФАРКтын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү 2012-жылы Гаванада башталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG