Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Киевде орусиялык журналист Александр Щетининдин сөөгү табылды


Александр Щетинин
Александр Щетинин

Киевде жекшембиде орусиялык журналист, “Новый регион” агенттигинин негиздөөчү Александр Щетининдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Украинанын Улуттук полициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, журналисттин сөөгү өзү жашаган батирде табылган.

Украиналык маалымат каражаттарынын жазышынча, Щетининдин сөөгүн анын достору табышкан. Маалыматтарда ал башынан ок жеген. Жанында тапанча табылган.

“Азаттыктын” украин кызматынан кабарлашкандай, тергөөчүлөр журналист өзүн-өзү өлтүргөн деген версия карашууда.

Щетинин “Новый регион” агенттигин 20 жыл мурун негиздеп, 2014-жылдын февралына чейин башкы редакторлукту аркалаган. Орус бийлигин тынымсыз сынга алганына байланыштуу бийликтин басымына кабылып, агенттиктин жетекчилигинен кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG