Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

29-август аза күтүү күнү деп жарыяланды


Мындай жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жарлыкка 27-августта бир убакта эки кырсык орун алганы айтылат.

“Москвадагы өрттөн кесепетинен 14 жараныбыз каза тапты. Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан тогуз жараныбыз мерт кетти. Бул Кыргызстандын эли үчүн абдан оор жоготуу. Буга байланышуу Кыргыз Республикасынын аймагында 29-августту аза күтүү күнү катары жарыяланат жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдө мамлекеттик желек түшүрүлөт” - деп айтылат жарлыкта.

Бул күнү өлкөнүн маданият мекемелеринде жана телерадиокомпанияларында көңүл ачуу программалары өткөрүлбөйт.

Ошондой эле президент бийлик органдарына каза болгон жана жараат алгандардын үй-бүлөлөрүнө керектүү жардамды көрсөтүүнү тапшырды.

27-августта Москва шаарындагы басмаканадагы өрттөн 17 адам каза болгон. Алардын 14ү кыргызстандык кыз-келиндер экени аныкталды.(BkA)

XS
SM
MD
LG