Линктер

Франция менен Иран экология жаатында кызматташууну макулдашты. Франциянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Сеголен Руаялдын айтуусунда, Тегеран менен суунун жана энергиянын жетишсиздигине, абанын булганышына каршы бирге күрөшүү чечими кабыл алынды.

Ирандын экология министри Массумех Эбтекар менен жолугушууда 2017-жылдын февраль айынан тарта бир нече биргелешкен долбоорду ишке ашыруу тууралуу сөз болду.

Франциянын министри Тегеранда үч күндүк иш сапарда жүрөт. Ал жетектеген расмий делегациянын курамында энергиянын жаңыланып туруучу булактары, экологияны коргоо, суу маселелери боюнча иштеген мекеме, компаниялардын жетекчилери бар.

29-августта франциялык делегация Ирандагы ири Туздуу деңизге барат.

ЮНЕСКОнун маалыматына караганда, соңку 20 жылда бул көл дыйканчылыктын жана климаттык өзгөрүүнүн айынан суусунун 90% жоготкон. (RK)

XS
SM
MD
LG