Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

Түрк аскерлери Сириянын Манбиж шаарына чабуул баштады


Түрк аскерлери

Түрк аскерлери

Түркиянын аскерлери жана Сириядагы козголоңчулардын «Султан Мурад» деп аталган тобу сириялык күрттөр басып турган Манбиж шаарын ээлеп алгандан бери Сириянын түндүгүндө кармаш күчөдү.

Евфрат дарыясынын батыш жээгинде жайгашкан Манбиж шаарын өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтон Сириянын “Демократиялык күчтөр” уюмунун, анын ичинде сириялык күрттөрдүн альянсы АКШнын колдоосу менен ишке ашкан 10 күндүк чабуулдан кийин ээлеген.

Анкара өткөн жумада Сириянын Түркия менен чектеш аймагында баштаган аскерий операциясынын алкагында күрттөрдүн элдик коргонуу отрядынын согушкерлерине каршы Манбижге чабуул жасаганын 28-августта жарыялады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG