Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Түркия беш македониялыкты экстрадициялады


Сирия
Сирия

Түркия "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулганы бараткан беш македониялык жаранды кармап, мекенине кайтарды.

Македониянын полициясы кабарлагандай, алар түрк кесиптештери менен бирге ишке ашырган атайын операциянын натыйжасында Стамбулда эки апта мурда колго түшүрүлгөн. Эң кичүүсү 18, улуусу 24 жашта.

Македониянын мыйзамдары өз жарандарына башка өлкөнүн армиясына же куралдуу топторго катышуусуна тыюу салат.

Өлкөнүн расмий маалыматына караганда, Сириядагы согушка катышканы кеткен 25 жараны ошол жактан набыт болгон, учурда дагы 50 чакты тургуну согушкерлер арасында жүрөт. Македониянын 2 миллион калкынын 20 процентин исламды тутунган этникалык албандар түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG