Линктер

Орусия Түркияга чартердик рейстерди кайрадан ачмай болду. Премьер-министр Дмитрий Медведев жекшемби күнү кол койгон буйрукка ылайык, буга чейин салынган тыюу алынып салынды.

Буйрукта жүргүнчү ташыган компаниялар адамдардын коопсуздугун камсыз кылуучу чараларды көрүшү керектиги айтылат. Учууга уруксатты Росавиация мекемеси берет.

Орусия менен Түркиянын ортосунда чартердик каттамдар 2015-жылдын декабрь айында эки өлкө ортосунда тутанган чырдан кийин токтотулган болчу. Түрк аскерлери коңшу Сириянын аймагында чек арага жакын жерде учуп бараткан орус тик учагын атып түшүргөн. Натыйжада ичиндеги эки учкуч набыт кеткен.

Июнь айында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиядан кечирим сурады. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG