Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Кыргызстанда бүгүн Аза күтүү күнү


Москвада өрттөн курман болгон кыз-келиндер.
Москвада өрттөн курман болгон кыз-келиндер.

27-августта Москвада өрттөн курман болгон 14 кыргызстандык кыз-келинге жана ошол эле күнү Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан набыт кеткен тогуз кишиге аза күтүү үчүн 29-августта желектер түшүрүлүп, теле-радиолорго көңүл ачуучу программаларды эфирге чыгарууга тыюу салынды. Ошондой эле Кыргызстандын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө да желектер түшүрүлөт. Бул тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 28-августта кол койду. Мамлекет башчы ошондой эле бийлик органдарына каза болгон жана жарат алгандардын үй-бүлөлөрүнө керектүү жардамды көрсөтүүнү тапшырды.

27-августта Москвада басмакананын кампасында чыккан өрттө кыргызстандык он төрт кыз-келин курман болду. Алардын эң улуусу 45 жашта болсо, көпчүлүгү 17-22 жаштагы кыздар эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG