Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:39

Москвада курман болгон кыргызстандыктар маселесин парламент фракциялары талкуулайт


Москвада өрттөн каза болгондорду эскерүү, 28-август, 2016-жыл.

Москвада өрттөн каза болгондорду эскерүү, 28-август, 2016-жыл.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтуусунда, Жогорку Кеңештин алты фракциясынын лидерлери жолугушуп, кеңешет. Мындан тышкары парламенттин мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берүү чаралары уюштурулат. Турсунбековдун айтуусунда, 27-августта Орусия Федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко телефон аркылуу көңүл айтып, кандай гана жардам болбосун орус тарап жардамдашууга даяр экенин билдирген.

Чыныбай Турсунбеков социалдык тармактарда КСДП шайлоо алдында берген убадаларын аткарган жок деген айыптоолорго да жооп берип, өлкөдө жумушчу орундарын түзүү жаатында иштер жүрүп жатканын билдирди. Анын айтуусунда, бирок бул бир күндө чечиле турган маселе эмес. (SE;ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG