Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Москвада өрттөн набыт кеткендердин сөөгү салынган учак бүгүн түштөн кийин чыгат


Москвада набыт болгондорду эскерүү.
Москвада набыт болгондорду эскерүү.

Москвадагы өрттөн набыт болгон 14 кишинин жасаты салынган атайын учак Кыргызстанга бүгүн түштөн кийин чыгат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтуусунда, сөөктөрдү алып кетүүгө байланышкан иш-аракеттер ага чейин толугу менен бүткөрүлөт:

-Ага чейин да аягына чыгарылуучу кошумча жараяндар бар. Жумушчу топтун өкүлдөрү Москвада ооруканада жаткан үч мекендешибизге да барып, алардын абалы менен таанышып кайтат.

Маалым болгондой, сөөктөр салынган учак Москва-Ош-Бишкек багытында учат. Ал эми сөөктөрдү аэропорттон үйлөрүнө жеткирип, туугандарынын колуна тапшыруу ӨКМге жүктөлдү. Атайын учак менен набыт болгондордун жакындары да коштоп учуп келишет. Коштоочулардын тизмеси Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан түзүлгөнү кабарланган.

Кечээ вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева баштаган жумушчу топ атайын учак менен Москвага барган. Каза болгондордун сөөгүн алып келүү, аларды акыркы сапарга узатуу боюнча чыгымдарды өкмөт көтөрөрү айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG