Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Өзбекстан: артисттер элди Каримовдун саламаттыгы тууралуу кептерге ишенбөөгө чакырды


Ислам Каримов
Ислам Каримов

Өзбекстандагы шоу-бизнестин өкүлдөрү президент Ислам Каримовдун саламаттыгы начарлап ооруканага түштү деген маалымат, кептерге ишенбөөгө элди чакырууда.

Шахзода деген ысым менен белгилүү ырчы Зилола Мусаева Instagramдагы баракчасына "журтбашчынын ден соолугун тилеш керектигин" жазды. Ал эми Шохруххон аттуу ырчы президент үчүн дуба кылууга элди үндөдү. "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы билдиргендей, социалдык тармактардагы өзбек артисттеринин тексттеринин бары окшош. Айрым байкоочулар ырчылар атайын кызматтын көрсөтмөсү менен жогоркудай ойлорду калтырып жатканын айтышууда.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов “стационардык дарылануу” үчүн ооруканага жатканын 27-августта өлкөнүн министрлер кабинети кабарлаган.

Мамлекетти 1989-жылдан бери башкарып келаткан 78 жаштагы Ислам Каримовдун саламаттыгына байланыштуу кабарды өзбек өкмөтү алгач ирет тараткан. Расмий маалыматка ылайык, президенттин “толук медициналык кароодон өтүшү жана дарыланышы үчүн убакыт керек”. Мурдараак Каримов оор дартка чалдыкканы тууралуу имиштер чыккан. Бирок эмне оору экени так айтылган эмес.

Ислам Каримов жыл сайын 1-сентябрда Өзбекстандын эгемендик майрамына катышат.

Бул жылкы майрамга мамлекет башчынын катышаар-катышпасы азырынча белгисиз. (NT)

XS
SM
MD
LG