Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

Чүй облусунда катуу жол кырсыгынан аман калган баланын абалы оор


Чүй облусунун Жайыл районунда тогуз адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында катуу жаракат алган алты жашар баланын абалы оор. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Элмира Шерипова билдирди. Анын айтымында, 2010- жылы туулган Арсен Бактыбеков Жайыл райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат.

27-августта Бишкек-Ош каттамынын 178-чакырымында "Мицубиси Лансер" жана "Фольксваген Пассат" автоунаалары кагылышкан. Анда "Мицубиси Лансер" автоунаасынын айдоочусу, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну 30 жаштагы Болот Жумадылов, Тынчтыкбек Кулов, Айзада Исмаилова, Нурдин Касымов каза тапты. Ошондой эле экинчи автоунаанын ээси Жылдызбек Шүкүров, келинчеги Элнура Шүкүрова, бир айлык эгиз балдары Аэлин жана Алият, үч жашар Нурайым каза болгон.

"Мицубиси" автоунаасынын ичиндеги алты жашар Арсен Бактыбеков оор абалда ооруканага түшкөн.

XS
SM
MD
LG