Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Коомдук каналдын башкы директору Илим Карыпбеков 27-августтагы кош кырсыктан кийин социалдык тармактарда айтылган сын-пикирлерге Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берди.

Көптөгөн кыргызстандыктар кырсык маалында КТРК көңүл ачуучу көрсөтүүлөрдү өз учурунда албаганына нааразы болушкан эле. Карыпбеков 27-августта кырсык болгон күнү тактоо зарыл болгон маалыматтар болгонуна байланыштуу программа өзгөрбөгөнүн, социалдык тармактар сыяктуу дароо реакция жасап, программалык сетканы оңдоп коюуга убакыт жана атайын шарттар зарылдыгын билдирди.

Ал эми аза күтүү күнү боюнча президенттин жарлыгы жарыяланып жатканда Атамбаевдин күлүп түшкөн сүрөтүн берди деген айыптоолорго КТРК жана башка телекомпаниялар президенттик аппарат менен макулдашылган сүрөттөрдү гана берет деп жооп кайтарды.

"Менин жеке оюмча ал жерде президенттин расмий сүрөтү берилген. Ал күлгөн да жок, кайгырган да жок! Айрым бир телекөрүүчүлөрүбүзгө жана социалдык түйүндөгү колдонуучуларыбызга президент күлүп тургандай көрүнсө, расмий кечирим сурайм!", - деп айтылат анда.

Илим Карыпбеков мындай оор учурда күнөөлүүлөрдү издеп, эмоцияга алдырбай, маркум кыздарды ата-бабалардын келе жаткан салты менен акыркы сапарга узатууга элди чакырды.

27-августта Москвада басмакананын кампасында чыккан өрттө кыргызстандык он төрт кыз-келин курман болду. Алардын эң улуусу 45 жашта болсо, көпчүлүгү 17-22 жашта эле.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG