Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Эркин Алымбековдун сөөгү Ысык-Көлдөн Бишкекке алып келинет


Эркин Алымбеков.
Эркин Алымбеков.

Экс-депутат Эркин Алымбеков Ысык-Көлдө жүргөн маалда каза тапканы белгилүү болду. Анын партиялашы Асия Сасыкбаева "Азаттык" радиосуна билдиргендей, маркумдун каза болушуна кандай себеп болгону белгисиз. Маркумдун буга чейин жүрөк оорудан жабыркап жүргөнү айтылууда. Сасыкбаеванын маалымдашынча, Алымбековдун сөөгү кайсы көрүстөнгө коюлары чечиле элек. Сөөк бүгүн Ысык-Көлдөн Бишкекке алып келинет.

Эркин Алымбеков 1961-жылдын 5-ноябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган.

2005-жылдын мартында №72 Каракол шаардык шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ошол эле жылы апрелде спикердин орун басарлыгына дайындалган. 2010-жылдын 10-ноябрында "Ата Мекен" партиясынын катарында бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укугу боюнча парламент комитетин жетектеген.

2014-жылдын февралында Эркин Алымбеков "Кумтөр" маселесине байланыштуу өкмөттүн токтомуна нааразылык иретинде мандатын тапшырып, депутаттыктан кеткен. Соңку кездерде Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине кескин каршылык билдирип жүргөн болчу. Маркумдун артында төрт баласы калды.

XS
SM
MD
LG