Линктер

Украинанын Коопсуздук кызматы укук коргоочулардын айыптоосуна кабылды


Эл аралык укук коргоо уюмдары Украинанын Коопсуздук кызматы адамдарды мыйзамсыз кармап, камакка алууда деп айыптап чыгышты.

Amnesty International жана Human Rights Watch Украинанын башкы аскер прокуроруна кайрылып, Коопсуздук кызматынын Харьковдогу башкармалыгында кеминде 5 адам кармалып турганы жөнүндө маалымат бар экенин айтышты. Алардын үчөө камакта жатканына бир жылдан ашты.

Укук коргоочулардын белгилешинче, Украинадагы "жашыруун түрмөлөр" тууралуу 21-июлда жарыяланган докладдан кийин соттун чечимисиз кармалып жаткан 13 адам бошотулган. Бирок алардын камакта болгону, бошотулганы тууралуу маалыматты бийлик расмий тастыктаган жок.

Украинанын Коопсуздук кызматы "жашыруун түрмөлөр", жикчилер менен байланышы бар деп шектелген адамдардын табышмактуу жагдайда дайынсыз жоголуп жатканы тууралуу кабардын баарын жокко чыгарып келатат.

Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан бери Донецк жана Луганск аймактарында Украинанын өкмөттүк күчтөрү менен орусиячыл жикчилердин ортосундагы согуш токтобой келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG