Линктер

Германиядан Кыргызстанга таандык архивдер алып келинди


Кыргызстан менен Германиянын желеги

Кыргызстан менен Германиянын желеги

Кыргызстандын мамлекеттик архивине Германиянын саясий архивиндеги материалдардын көчүрмөлөрү алып келинди. Бул тууралуу 29-августта мамлекеттик архивден билдиришти.

Маалыматка караганда, архивдик документтер 18-кылымдын аягы, 19-кылымдын башындагы Түркестан, 1916-жылдагы боштондук кыймылы тууралуу немис булактарында сакталган иликтөөлөрдөн турат.

1567 барак материалды Германиянын Берлин шаарынын тургуну Чынара Исраилова Хариехузен топтогон. Аны Кыргызстанга алып келүүгө Президенттик аппарат көмөктөшкөн. Материалдардын бардыгы немис тилинде. Документтер эми кыргыз тилине которулгандан кийин өзүнчө китеп болуп жарыяланат. Тарыхчылар бул маалыматтар 100 жыл мурдагы улуттук боштондук кыймылы жана ошол кездеги түрк тилдүү улуттардын жашоосу тууралуу жаңы тарыхый барактарды ачууга жардам берерин билдиришүүдө. (UA/NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG